Орусия медиалары Бишкектеги ШКУ саммитин кантип чагылдырды?
- 1 месяц мурун
- Аналитика, Видео, Мультимедиа
Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити дүйнөлүк медиалардын көңүл борборунда болду. Орусиялык мамлекеттик жана Кремлге мамилелеш маалымат каражаттары саммитти чагылдырууда Владимир Путиндин эл аралык байланыштары жана дүйнөнүн ири мамлекеттеринин лидерлери менен жолугушууларына өзгөчө басым жасады.
Айрым материалдарда бул Путиндин дипломатиялык ийгилиги жана Орусиянын эл аралык изоляцияда эместигинин белгиси катары көрсөтүлдү. Биз “Детектор” берүүбүздө Кремль медиалары Бишкектеги саммитти кандай өңүттө чагылдырганын талдап көрдүк. Путиндин Си Цзиньпин жана Нарендра Моди менен жолугушуулары негизги кадрда Орусиянын мамлекеттик медиалары Путиндин Бишкекке келишинен тартып, анын эки тараптуу жолугушууларына чейин кеңири чагылдырды. Мисалы, россиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына караштуу «Вести» маалымат порталы саммитти «өтө маанилүү» деп мүнөздөп, Путиндин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшүүлөрүнө өзгөчө көңүл бурган. Путин саммиттин алкагында эки тараптуу тогуз жолугушуу өткөрөрү да өзүнчө жаңылык болгон. Ошондой эле саммиттен Путиндин башка өлкөлөрдүн лидерлери менен кол алышып, эркин сүйлөшүп, бирге отурган кадрлары кеңири көрсөтүлгөн.
Мындай маалыматтык акцент аудиторияга «Орусия эл аралык изоляцияда эмес, ал эми Путин мурдагыдай эле дүйнөлүк саясаттагы таасирдүү фигура» деген образды жаратары шексиз. Модинин Путинге айткан сөзү, айрыкча Нарендра Модинин Путинге орусча «Спасибо» дегени бир катар орус медиаларында өзүнчө жаңылык болуп чыкты. Бул эпизод эки лидердин жылуу мамилесинин белгиси катары берилген. Бирок Модинин ошол эле жолугушууда «спасибо» дегенге чейин айткан сөздөрү саясий жактан кыйла маанилүү болчу. Индиянын премьер-министри Украинадагы согушту мүмкүн болушунча тез арада токтотууга чакырып, бардык маселелер тынчтык жолу менен чечилиши керектигин билдирген. Башкача айтканда, орус медиаларында кеңири тараган «Спасибо» эпизодунун алдында Моди Путиндин көзүнчө согушту аяктоо зарылдыгын ачык айткан.
Кремль медиалары Модинин билдирүүсүн жашырдыбы?
«Орусиялык мамлекеттик медиалар Модинин согушту токтотуу чакырыгын таптакыр жарыялаган жок» деп айтууга болбойт. Мисалы, «Вести» сайты «Моди Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырды» деген өзүнчө материал жарыялаган. Анда анын «чексиз согуштан согуштун аякташына өтүү керек” деген сөзү да келтирилген Алты мүнөттөн кийин ошол эле ресурс Путиндин жообун «Путин Украинадагы жаңжалдын аякташы тууралуу айтты» деген аталыш менен өзүнчө чыгарган. Бирок бул жерден «Кремль медиалары Модинин согуш тууралуу билдирүүсүн толугу менен жашырып койду» деген жыйынтык чыгарууга болбойт. Айрым мамлекеттик ресурстар анын согушту токтотуу тууралуу сөзүн да жарыялаган. Демек, маселе маалыматтын жашырылганында эмес, кайсы эпизодго көбүрөөк басым жасалганында. Медиада мындай ыкма фрейминг деп аталат: маалымат каражаты жалган факт ойлоп таппастан эле, чыныгы фактылардын арасынан бирин биринчи планга чыгарып, башкасын экинчи планга жылдыруу аркылуу аудиторияга белгилүү бир картина сунуштай алат.
Саммиттен кийинки билдирүү: согуш токтойбу же уланабы?
Саммит аяктагандан кийин Владимир Путин маалымат жыйын берип, Украинадагы согуш тууралуу да сөз кылды. Ал Орусиянын аскерлери фронттогу чабуулдун темпин күчөтүп жатканын билдирген. «Баары кандай болгон күндө да, орусиялык аскерлер атайын аскердик операция зонасында чабуулун күчөтүп жатышат. Алар жөн гана алдыга жылып тим болбостон, темптерин дагы күчөтүп жатышат», — дейт Путин.
Башкача айтканда, саммиттин жүрүшүндө Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Украинадагы согушту мүмкүн болушунча тез арада токтотууга чакырса, Путин саммиттен кийинки маалымат-жыйынында Орусиянын фронттогу чабуулунун темпи күчөп жатканын баса белгилеген.
Бул эки билдирүүнү катар койгондо саммиттеги дипломатиялык риторика менен согуш талаасындагы реалдуу позициялардын айырмасы көрүнөт: Моди тынчтык процессин тездетүүгө чакырса, Путиндин билдирүүлөрү аскердик аракеттер жакын арада токтой турганын көрсөткөн жок.
Кененирээк ВИДЕОдо:




