Кемпир-Абад иши: Вашингтондо активисттер камактагыларды бошотууну талап кылды

  • 6 месяцев мурун

Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинин алдында АКШдагы активисттер 25-октябрда КемпирАбад иши менен камалгандарды эркиндикке чыгарууну талап кылган акция өткөрүштү.

Чогулгандар “Кемпирабадчыларга боштондук!”, “Соттордун көз карандысыздыгы үчүн!” деген жазууларды көтөрүп турушту. Активисттердин бири Айдар Раев “Азаттыкка” билдиргендей, акцияга ондон ашуун киши чыкты.

Алар ошондой эле кыргыз бийлигинен көз карандысыз маалымат каражаттарына басымды, журналисттерди куугунтуктоону токтотууну, митингдерге чектөөлөрдү жоюуну талап кылышты.

Активисттер акциянын соңунда кыргыз бийлигине болгон кайрылуусун Кыргызстандын Америкадагы элчиси Бакыт Аманбаевге тапшырганы маалым болду.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2023-жылы 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 4-декабрга чейин узартты.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда соттук процесс болбой калды. Сот 4-октябрга жылдырылган. Залда аудио жана видео жазуууулар иштебей калганынан, сот өтпөй калган.

Айыпталуучулар мурдагы процесстин алдында ачык өтүшүн талап кылышып, алар сот залынан чыгарылган болчу.

4-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад маселеси боюнча соттук териштирүүгө абакта жаткан айыпталуучулар же 11 киши сот процессине алынып келинген эмес. Адвокаттардын айтымында, судья аларды сот иши аяктаганга чейин катышуудан четтеткен.
18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот процессине үй камагындагы айыпталуучулар, адвокаттар гана келген, камакта жаткандар алынып келинген эмес. Айыптоочу тарап, айыпталуучулардын бардыгы сотко катышышы керек деген негизде, процессти улантууга болбой турганын билдирди.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты