Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШга мамлекеттик сапар менен барды

23-сентябрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Америка Кошмо Штаттарына мамлекеттик сапар менен барды.

АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди жана жубайы Пэн Люианды кызыл килем төшөлгөн аэропорттон тосуп алды. АКШнын аба күчтөрүнүн оркестри жаңырып, Америка жана Кытай желектери желбиреди.

Америкалык телеканалдар президент Дональд Трамптын Си Цзиньпинди Мериленд штатындагы Эндрюс аэропортунан тосуп алуусун чагылдырды. Буга чейин америкалык ЖМК АКШнын лидерлери меймандарды аэропорттон сейрек учурларда тосуп аларын жазышты. Бул жолку тосуп алуу кытайлык лидерге көрсөткөн өзгөчө сый-урматтын белгиси экенин белгилөөгө болот.

Бүгүн, 24-сентябрда, Дональд Трамп менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу өтөт. Эки ири өлкөнүн лидерлери бир катар орчундуу маселелерди талкуулайт, анын ичинде жасалма интеллекттин коопсуздук эрежелери, өз ара соода пошлиналары, чиптерге экспорттук чектөө, Тайван, сейрек кездешүүчү металл жөнөтүүдөн баштап, Иран жана Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга чейинки маселелерди талкуулай турганы айтылууда.  

Си Цзиньпиндин АКШга мамлекеттик сапары 25-сентябрга чейин созулмакчы.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты