Кыргызстан АКШдан жүк ташуучу 10 локомотив сатып алат
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстан АКШдан “ТЭ33АС” сериясындагы заманбап магистралдык жүк ташуучу 10 локомотив сатып алат.
Бул тууралуу Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында АКШ gрезидентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Джон Йованович жана локомотивдерди чыгарган америкалык “Вебтек” (Wabtec) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушууда белгилүү болду.
Бул локомотивдерди Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирүү күтүлүүдө.
АКШнын Эксим банкынын төрагасы Джон Йованович америкалык технологияларга кызыгуулар үчүн ыраазычылык айтып, бул долбоор Кыргызстан менен кызматташтыктын тарыхындагы алгачкы долбоорлордун бири экенин айтты.
Садыр Жапаров жаңы локомотивдерди сатып алуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын локомотивдер паркын болжол менен 30 пайызга жаңылоого мүмкүндүк берерин кошумчалады.
Өз кезегинде Паоло Замполли жетишилген макулдашуулардын маанилүүлүгүнө токтолуп, долбоорду ишке ашыруу кыргыз-америкалык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаңы баракты ачарын жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз боло аларын баса белгиледи.


Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: Жолугушуу учурунан. president.kg




