Кемпир-Абад иши: Тергөөчү Жапеков мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткандыгы айтылууда

  • 11 месяцев мурун

Адвокат Чынара Жакупбекова Кемпир-Абад маселеси боюнча тергөөчү Улан Жапеков мыйзамсыз аракеттерди жасап жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. Жапековдун мындай аракети далилдердин жоктугун жана айыптоонун ойдон чыгарылганын жашыруу максатында жасалып жатканын белгиледи.

-Тергөөчү Жапеков Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын иши боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлап жатат. Айыптоо актысынын көчүрмөсүн алуу боюнча тил каттын ордуна, айыптоочу актыда камтылган маалыматтарды жайылтпоого тил кат берүүгө адвокаттарды мажбурлап жатат. Жапековдун мындай аракети далилдердин жоктугун жана айыптоонун ойдон чыгарылганын жашыруу максатында жасалууда,-деди адвокат Жакупбекова.  

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча басма сөз конференциясында катышкан башка адвокаттар да айыпталып жаткандардын гана эмес, адвокаттардын да укугу бузулуп келгенин билдиришти.  

Адвокат Кантемир Турдалиевдин «ПолитКлиника» медиасынын Тет-а-Тет берүүсүндө тергөөдөгү мыйзамсыздыктар тууралуу айткандары бул шилтемеде.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

Сүрөттө: Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын тобу. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты