Бишкекте автобуста жол кире төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынат
- 5 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт департаменти тарабынан “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы жана “Тулпар” ишканасы менен бирге, шаардагы коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн төлөм жүргүзүүсүн текшерүү рейддик иш-чаралары уланууда.
Аталган рейд жумуш күндөрү эртең менен саат 09:00дөн тартып кечки 18:00гө чейин уланат.
2026-жылдын январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин орто эсеп менен автобуста жол акысын төлөбөгөн 400 жакын жүргүнчүгө 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, протокол түзүлгөн.
Бишкек мэриясы коомдук транспортто жүрүү эрежелерин сактап жол акысын төлөп, накталай төлөмдөн кийин сөзсүз түрдө талон алуу зарыл экендигин эскертти.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




