Кемпир-Абад иши: Адвокаттар тергөөнүн жүрүшүндөгү кемчиликтерди белгиледи  

  • 11 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө аягына чыгарылды. Бул тууралуу басма сөз конференцияда адвокат Канат Хасанов билдирди.

Адвокат Хасановдун айтымында, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишинде кылмыш курамы жок, бул саясий иш болуп калды.

Күнөөсүздүк презумпциясы деген бар. Ага ылайык, эч ким соттун чечими чыга электе айыпталуучуну күнөөлүү деп айта албайт. Бирок буга чейин президент жана башкы прокурор Кемпир-Абад боюнча камалгандарды күнөөлөп келген. Ошондой эле кылмыш иши купуялуу болду.

Басма сөз конференциясында катышкан башка адвокаттар да айыпталып жаткандардын гана эмес, адвокаттардын да укугу бузулуп келгенин билдиришти.  Аларга кылмыш ишинин материалдары толук берилбей келгенин белгилешти.  

Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандардын жактоочулары бийлик структураларына кайрылуу жасашты.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу тергөө абагында отурган 12 айыпталуучунун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Ал соцтүйүндөгү билдирүүсүнө тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековдун токтомунун сүрөтүн тиркеген. 2023-жылдын 19-майында кол коюлган документке ылайык, кылмыш иши “Жапырт башаламандыктарга даярдык көрүү” беренеси менен козголгон.

Токтомдо 12 айыпталуучунун аты-жөнү жазылган. Алар: Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Сарылдык уулу (Шаменов) Илгиз, Азимбек Бекназаров жана Темир Махмудов.

Мындан тышкары “Кемпир-Абад иши” боюнча кармалгандарга “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” беренеси менен да айыптар тагылган. Апта башында шектүүлөрдүн адвокаттары бул иш боюнча тергөө дээрлик аяктап калганын билдиришкен.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Сүрөт: Пресс-конференция учуру. Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты