Кемпир-Абад иши: Кеңешбек Дүйшөбаев үй камагына чыгарылды

  • 2 месяца мурун

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы УКМК башчысы, ИИМдин мурдагы министри, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев эч жакка кетпөө кепилдиги менен үй камагына чыгарылды.

Анын бөгөт чарасы бүгүн, 21-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралганын соттун басма сөз кызматы кабарлады.

14-майда, камактагы генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгынын начар экенине карабастан, сот отурумуна алып келишкен. Бирок анын ден соолугунун начарлашына байланыштуу, отурум кийинкиге жылдырылган.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар 15-майда Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгына кабатыр болгонун жана ал сотко катыша албай турганы, абалы абдан оор, дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү керектиги тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүп, кайрылуу жасашты. Басма сөз конференциясына Мамбетжунус Абылов, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Кубанычбек Кадыров жана башкалар катышты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында болчу. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты