Саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов үй камагына чыгарылды
- 4 недели мурун
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту саясат талдоочу Бакытбек Жумагуловду 10-июнга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 20-апрелде билдирди.
Анын бөгөт чарасы 11-апрелде каралган.
Бакытбек Жумагулов 75 адамдын кайрылуусу боюнча кармалганы айтылган, бирок кайрылууга кол койгондордун арасында анын аты-жөнү жазылган эмес.
Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда алар президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштаган. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон. Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.
Сүрөттө: Бакытбек Жумагулов. Интернет булактарынан




