Камактагы генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин абалы абдан оор. Ооруканада дарылоо талап кылынат (Видео)   

Камакта жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-башчысы, мурдагы ички иштер министри, генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин абалы абдан оор. Ага ооруканада дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү керек.  

Бул тууралуу бүгүн, 15-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун имаратына чогулган саясатчылар, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар, коомчулуктун өкүлдөрү билдирди. Абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин абалынын оор болуп жатканын айтып, басма сөз конференциясын өткөрүштү. Басма сөз конференциясына Мамбетжунус Абылов, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Кубанычбек Кадыров жана башкалар катышты.

Чыгып сүйлөгөн саясатчы Мамбетжунус Абылов генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин абалы оор экендигин айтып өттү.  

-Кечээ көрдүңүздөр, Кеңешбек Дүйшөбаевдин абалы боюнча сотто жагымсыз окуя болду. Сот учурунда “Тез жардам” чакырдык эле, кан басымы түштү дегенде, 178 болуп чыкты. Аны сот залына көтөрүп алып киришти.

Кемпир-Абад боюнча айыпталып, үй камагына чыккан Клара Сооронкулова мындай деди:

-Сотто биздин көргөн күнүбүз кордук менен зордук болуп калды. Кооптуу кырдаал болуп жатат, Кеңешбек Дүйшөбаевдин кан басымы 200дөн ашууда. Сот залына оор абалда, көтөрүп алып киришти. Бул – зөөкүрлүк.  Буга чейин абакта жаткандагы Марат Казакпаевдин, Арстан Алайдын … өлүмү сабак болбой калды. Дүйшөбаевди ооруканага жаткырып дарыламайынча болбойт, ооруканада дарылаш керек, -деди Клара Сооронкулова.

Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бири, Кубанычбек Кадыров Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден-соолугу боюнча комиссия түзүүнү сунуштады:

— Кеңешбек Дүйшөбаев жалган иштерге барбайт, ал күжүрмөн генерал. Адамдын өмүрү менен ойнобош керек. Ал жактагылардын баары ооруп жатат, Жеңиш Молдокматов, Азимбек Бекназаров, Айданбек Акматов. Урматтуу, Садыр Нургожоевич, Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугу боюнча көз карандысыз комиссия түзүп кароо керек, -деди Кубанычбек Кадыров.

Адвокат Акын Авазбеков Кеңешбек Дүйшөбаевдин баш коргоо чарасын камакка байланышпаган башка чараларга алмаштырууну суранды.

— Азыр СИЗОго барып келдим, тийиштүү суроо-талаптарды бердим. Бүгүн Дүйшөбаевди алып чыгууга мүмкүн эмес деп айтышты. 14-майдагы окуяларда да кан басымы көтөрүлүп турду. Кечээ сотто да, андан кийин саат 6 да кан басымы көтөрүлүп турду, “Тез жардам” чакырылды.  Кеңешбек Дүйшөбаевдин баш коргоо чарасын камакка байланышпаган башка чаралар менен алмаштыруусун суранабыз. Дүйшөбаев ооруканага жатып, дарыланышы керек, -деди адвокат Акын Авазбеков.   

Ошондой эле Рита Карасартова, Гүлнара Журабаева жана башка чогулгандар генерал Дүйшөбаевдин ден соолугуна тезинен камкордук көрүп, ооруканада дарылоого чыгаруу керектигин билдиришти.

Кечээ, 14-майда, камактагы генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгынын начар экенине карабастан, сот отурумуна алып келишкен. Бирок анын ден соолугунун начарлашына байланыштуу, отурум кийинкиге жылдырылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Сүрөт: Генерал Дүйшөбаев боюнча пресс-конференция бергендер. 15-май 2024. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты