Зиядин Жамалдинов үй камагына чыкты
- 1 месяц мурун
Президенттин Ош облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, экс—депутат Зиядин Жамалдинов 10-июнга чейин үй камагына чыкканы белгилүү болду.
Зиядин Жамалдинов быйыл 15-апрелде кармалып, соттун чечими менен 10-июнга чейин тергөө абагына камакка алынган.
Жамалдинов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп айыпталууда.
Ал президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.
Сүрөттө: Щиядин Жамалдинов. kenesh.kg
Муну бөлүшүү




