Кемпир-Абад иши: Камактагы Эрлан Бекчоро уулунун жубайы президентке кайрылды  

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан активист Эрлан Бекчоро уулунун жубайы  Шаршекүл Аманова президент Садыр Жапаровго кайрылуу катын жолдоп, Бекчоро уулунун камактагы мөөнөтүн дагы узартканы жатышканын айтып, үй камагына чыгарууну суранган катын Фейсбук баракчасына жарыялады.         

-Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Балдарым “аталап” ыйлап жатканына 6 ай болду. Эгер балдарымдын эс тарткан убагы болгондо, балким сизге кайрылмак эмесмин. Тескерисинче атабызды коргоп, мыйзамсыздык менен күрөшүп турмакпыз. Тилекке каршы, балдарым бирөө 3 жашта болсо, экинчиси 1 жарым жашка эми гана чыкты. Дээрлик 6 ай ичинде жолдошум Эрлан Бекчороевге жана Кемпир Абадчыларга бир дагы далил жок. Күнөөсүн далилдей албай, дагы камактагы мөөнөтүн 2 айга, т.а 8-айга узартуу алдында турат. Жолдошумду үй камагына чыгарат деп ишенем. Күнөөсүз, мыйзамсыз камалган жолдошум Эрлан Бекчорону жана Кемпир- Абадчыларды чыгарып, тарыхый кадамга барып айкөлдүк кылыңыз.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан кечээ, 12-апрелде Клара Сооронкулова,  Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Чыңгыз Капаров  Таалай Мадеминов үй камагына бошотулду.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткат.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты