Кемпир-Абад иши: Бекназаровдун адвокаты Булекбаевдин лицензиясы токтотулду

  • 2 месяца мурун

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров юстиция министри Аяз Баетовго жолдогон катында анын адвокаты Эркин Булекбаевдин лицензиясы мыйзамсыз токтотулганын билдирди.

“2024-жылдын 22-майындагы сот отурумунда төрөгалык кылуучу судья Сыдыков менин адвокатым Эркин Булекбаевдин адвокаттык лицензиясынын аракетин юстиция министрлиги судья жиберген каттардын негизинде токтоткондугун расмий жарыялап, Булекбаевди сот залынан чыгарып жиберди” деп айтылат.

«Сиздин Булекбаевдин адвокаттык лицензиясынын аракетин токтотуу жөнүндөгү чыгарган 2024-жылдын 21-майындагы №61а буйругуңуз мыйзамсыз жана адилетсиз» деп жазды Азимбек Бекназаров.

Юстиция министрлиги бул катка жооп кайтара элек.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткандар алардын адвокаттарына кысым болуп жатканын билдиришти.

Алардын адвокаттары Эркин Булекбаев, Эркин Саданбеков, Акин Токталиев, Жаныш Бараков, Акылбек Абазбеков, Асел Аргымбаева, Чынара Жакупбекова, Бакыт Автандил, Рабига Садыкова, Кантемир Турдалиев, Акынбек Ногоев жана Мунарбек Супатаевге бийлик, судья Марат Сыдыков жана укук коргоо органдары тарабынан болуп жаткан басымдар жана куугунтуктар боюнча кайрылуу жасашты.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активисттер суракка алына баштады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Сүрөттө: Эркин Булекбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты