Кемпир-Абад иши: Алты саясатчы абакта кыйноо уланып жатканын билдирди

  • 8 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги тергөө абагында жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматовдун басымга кабылып жатканын айткан кайрылуусу 6-сентябрда Фейсбукка жарыяланды.

Анда алар абактын жер төлөсүндөгү караңгы, сыз камераларга которулушканын, 5-сентябрда алардын жанына башка адамдар да киргизилип, «дем алуу кыйын болуп жатканын» айтышкан.

«Жаңы киргизилген адамдардын арасында коркунучтуу оорулар менен ооруган, адам өлтүрүү менен соттолуп жаткандар бар экен. Бийлик ушундай жол менен оппозиция өкүлдөрүн жок кылууга багыт алгандай деп кабыл алып жатабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Алар Жазаларды аткаруу кызматынын «абактагыларга кыйноо жок дегени чындыкка дал келбей турганын» белгилешкен.

4-сентябрда Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына моралдык кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү тараган. Ал өзү менен кошо Кубанычбек Кадыровду, Жеңиш Молдокматовду шарты өтө начар жер төлөгө которушканын айткан.

1-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына чыккан. Анда Жээнбеков Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчы институтуна, укук коргоочуларга кайрылып, беш күндөн бери тинтүү болуп, сыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага которулганын билдирген.

Жазаларды аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, эч кандай кыйноолорго жол берилбей турганын «Азаттыкка» билдирген.

Саясатчыларды кайрылуулары боюнча УКМК комментарий бере элек.

28-августта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бөгөт чарасы каралды. Бишкек шаардык сотунун чечими менен активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыгарылды. Соттун ушул чечими чыккан убакта Акыл Айтбаев ооруканада жаткандыгы белгиленди.

Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта дагы 11 адам отурат: Айданбек Акмат уулу, Марат Баязов . Айбек Бузурманкулов. Азимбек Бекназаров. Кенешбек Дуйшебаев  Равшан Жээнбеков,. Кубанычбек Кадыров. Жениш Молдакматов. Бектур Асанов, Ильгиз Шаменов, Тимур Махмудов.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар 21-августтан баштап ачкачылык жарыялашкандыгы маалым болгон.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапыбашаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты