Равшан Жээнбеков түрмөдө ага карата кыйноо жана куугунтуктоо болуп жатканын айтып чыкты

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 1-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков түрмөдө ага карата кыйноо жана куугунтук болуп жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды. Саясатчы эл аралык уюмдарга, омбудсменге, Кыйноолорго каршы улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылды.

Равшан Жээнбеков түрмөдө ага карата кыйноо жана куугунтуктоо болуп жатканын айтып чыкты

Жээнбеков 5 күндөн бери күн сайын тинтүү болуп, бирок мыйзамсыз буюм таба алышпагандыктан, 1-сентябрда СИЗО-1дин кызматкерлери муздак, шарты жок камерага камашканын жазган. Анын айтымында, мындай шартта калууга ден соолугунун жол бербестиги медкартада жазылган.

Равшан Жээнбеков бул аракеттер УКМКнын тапшырмасы менен болуп жатканын белгиледи.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталууда. Мындан тышкары Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, бул иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты