Кемпир-Абад иши боюнча: Камактагылар ачкачылык жарыялай турганын айтышты

  • 9 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Биринчи Май райондук сотундагы отурумда камактагы саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.

Ал тергөөнүн материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтты.

«Биз мындай мыйзамсыз процесстерге катышпайбыз. Эртеңден баштап мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайбыз. Президентке, Жогорку Кеңешке, эл аралыкка уюмдарга кайрылабыз. Ачкачылык жарыялагандан башка аргабыз калган жок. Абактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөр сотто күн тартибине киргизилген жок.  Иштин материалдары менен таанышуу тартиби аныкталган жок. Сот жабык өтөт деген чечим жок», — деди Азимбек Бекназаров.

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков дагы ачкачылык жарыялай турганын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү” жана “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты