Кемпир-Абад иши: Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Акыл Айтбаев үй камагына чыгарылды (Видео)

Бүгүн, 28-августта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бөгөт чарасы каралды.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыгарылды. Соттун ушул чечими чыккан убакта Акыл Айтбаев ооруканада жаткандыгы белгиленди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган. Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты