Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелүүдө

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад ишинин фигуранттарына дагы бир айып тагылды. Бул жолу алар Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга  чакыруу» беренелери боюнча айыпталууда.

Бул тууралуу «Азаттыкка» кармалган активисттердин бири Али Шабдандын жубайы Нурайым Сыдыгалиева билдирди. Анын айтымында, ишке Али Шабдандын Фейсбукта жарыялаган эски постторун тиркешкен. Анда ал өлкөдө казино ачууга каршы чыгып, блогер Ырыс Жекшеналиевди бошотууга үндөгөн.

Активисттерге жаңы айып тагылганын камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун адвокаты Разак Ашимбаев да ырастады. Юрист ал да бийликти басып алууга айыпталып жатканын белгиледи.

«Менимче, алар бардыгына айып тагышат. Бизге айып жөнүндө расмий түрдө маалымдашты, бирок иш менен таанышууга азырынча уруксат бериле элек. Алар кармалгандардын баарынын социалдык түйүндөрүнө экспертиза жүргүзүп, ошонун негизинде айып тагып жатышат» деди адвокат.

Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренесинде мүлктү конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган. «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» үчүн 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айыппул же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы бар.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген «Кемпир-Абадды коргоо комитети» жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Кемпир-Абад иши боюнча бөгөт чарасы 17-апрелде каралгандардын баарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылып жатат. Буга чейин активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев, Равшае Жээнбеков  Кубанычбек Кадыров,  Азимбек Бекназаров  Жеңиш Молдокматов, Атай Бейшенбек, Марат Баязов жана Ильгиз Шаменовдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. 19-апрелде Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 20-июнга чейин узартылды.

Бул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Ильгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылганы кабарланган. Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан 12-апрелде Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.  Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.
Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.
Буга чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатканын билдирди.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн «төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон» деп айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты