Кемпир-Абад иши: 14 адамдан турган координациялык жумушчу уюму түзүлдү

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын атынан Азимбек Бекназаров коомчулукка кайрылып, СИЗО-1 абагында 14 адамдан турган Кемпир-Абадчылардын координациялык жумушчу уюму түзүлгөндүгүн билдирди.

-Орозо айы ичинде бийлик тарабынан камакта кармоого медицина жол бербегендерге жана айрым аялдарга гана “гумандуулук” болуп, үй камагына чыгарылды. Ошол эле учурда аялдардан Рита Карасартовага, ооруп больницада жаткан Ильгиз Шаменовго “гумандуулук” болбоду.

Калган камактагы Кемпир-Абадчылардын камакта камоо мөөнөттөрү жабык эшик артында, кадыр түн алдында, 17-апрелде сегиз айга узартылды.

Башкы прокурордун, айрым чиновниктердин, депутаттардын оозу менен Жогорку Кеңеште биз “Кемпир-Абадчы” эмес, “төңкөрүшчү”, “козголоңчу” ж.б. деп аталдык.

Ошол эле учурда бизге андай кылмыш менен айып коюлмак тургай, акыркы 3 айда таптакыр тергөө аракеттери жүрбөгөндүгүн расмий билдире кетейин. Биз жөн гана кармалып отурабыз.

Ыйык рамазан айында Президентибизден биздин кайрылуубузга башка жооп болбогондуктан, анын ынтымакка, биримдикке чакырган, “сүйлөшүүгө барам” деген саясаты колдору кан, соттолгон, качкын президенттерди гана легалдаштыруу үчүн эле айтылган кезектеги жел сөз экенине ишенбөөгө арга жок.

Болбосо, Кемпир-Абаддын Өзбектанга берилиши боюнча ачык айткан ой-пикирибиз кантип эле кыргыз жерин, кен-байлыктарын “сатышкан”, элин атышкан “экс-президенттердин” кылмышынан өткөн оор кылмыш болсун?!

Ушундай жагдайларда биз, Кемпир-Абадчылар КР Конституциясы менен мыйзамдарында бекитилген укуктарыбыздан пайдаланып, бийлик тарабынан өзүбүзгө жана жакындарыбызга атайылап, карасанатайлык менен келтирилип жаткан психологиялык, моралдык жана физикалык кыйноолорго, басмырлоого, шылдыңдоого, түпкүлүгүндө мамлекеттик машинанын күчү менен бизди сындыруу, соттотуу багытында жүргүзүлүп жаткан саясатына каршы туруу, коргонуу максатында, өзүбүздүн арабыздагы 14 адамдан турган Кемпир-Абадчылардын координациялык жумушчу уюмун түзгөнүбүздү билдиремин, -деп айтылат кайрылууда.

-Кемпир-Абадчылардын координациялык жумушчу уюму Кыргызстандын №1 СИЗОсунда, эркиндиги чектелген, эң оор шартта аргасыз түзүлдү. Мындай уюмдун, ушундай шарттарда түзүлүшү адамзаттын тарыхында сейрек кездешет. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

Кемпир-Абадчылардан түзүлглн бул уюмдун максаттары бийлик айткандай “төңкөрүш” жасоо эмес, Кемпир-Абадчылардын бузулуп жаткан укуктарын калыбына келтирүү, бийликтин өзүм билемдик зомбулуктарына бирге каршы туруу, эркиндикке чыгуу, мыйзамсыз козголгон кылмыш иштин кыскартылышына же актоо өкүмүнүн чыгарылышына жетишүү болуп эсептелет.

Ал үчүн КР Конституциясы менен мыйзамдары жол берген саясий-күрөштөрдүн бардык ыкмаларын, түрлөрүн колдонобуз.

Биз бийлик, байлык талашпайбыз, биз мекенибиздин бүтүндүгүн, кыргыз элинин жана өзүбүздүн намысыбызды талашып, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн күрөшөбүз,-деди Азимбек Бекназаров кемпирабадчылардын атынан.

Кемпир-Абад иши боюнча бөгөт чарасы 17-апрелде каралгандардын баарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылып жатат. Буга чейин активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев, Равшае Жээнбеков  Кубанычбек Кадыров,  Азимбек Бекназаров  Жеңиш Молдокматов, Атай Бейшенбек, Марат Баязов жана Ильгиз Шаменовдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. 19-апрелде Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 20-июнга чейин узартылды.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан 12-апрелде Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.  Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.
Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатканын билдирди.
Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты