«Келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат». ИИМ «Кыргызнефтегаз» иши жана Шаирбек Ташиевдин кармалышы боюнча

Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайирбек Ташиевдин кармалганын буга чейин маалымдаган.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, тергөөдө нефть ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган.

ИИМдин маалымдаганы боюнча, алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат.

Мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шайирбек Ташиев тарабынан өндүрүлүшү тийиш.

Тергөө иштери уланууда.

Бүгүн, 1-апрелде, Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» иши боюнча, коррупция үчүн кармалганын билдирди.

Шаирбек Ташиев Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына  киргизилди.

«Кыргызнефтегаз» иши боюнча мурдагы депутат бир нече жолу суракка алынган.  Ал мурдагы сурактарга күбө катары чакырылган.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан “Кыргызнефтегаз” иши боюнча шектүүлөр 16-майга чейин камакка алынды. Шектүүлөргө 19-мартта кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү, коррупция боюнча айып коюлууда.       

Камакка алынгандар: “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун (ААК) башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1983-жылы туулган Н.Н , “Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары жана аффилирленген компаниянын биринин директору, 1980-жылы туулган А.Р, дагы бир компаниянын директору, 1988-жылы туулган А.Н. аффилирленген компаниянын директору, 1990-жылы туулган М.Б.

«Кыргызнефтегаздагы»  коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.

Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча курутушкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.

Андагы маалыматтарга ылайык, “Кыргызнефтегаз” ишканасы чийки сырьелорун ортомчу компанияларга сатып, ортомчу компаниялардан даяр продукцияларды кайра өзү кымбат баа менен сатып алып турган. Ортомчу компаниялардын дээрлик бардыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен байланыштуу компаниялар болгон.

Сүрөттө: Шаирбек Ташиев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты