Казакстандын УКК экс-төрагасы Карим Масимов кармалды

  • 2 года мурун

Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) экс-төрагасы Карим Масимов мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды.

Бул тууралуу РИА-Новости агенттиги маалымдады.   

Ага каршы соттук териштирүү 6-январда башталган.  

“Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы К. Масимов жана башка адамдар кармалып, убактылуу кармалуучу жайга камалды” деп айтылат билдирүүдө.  

Буга чейин Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев өлкөдөгү кризистин себептеринин бири жогору кызматтагы аткаминерлердин жана күч структураларынын мурдагы башчыларынын чыккынчылыгы болгон деп билдирген.  Ал өлкөдөгү окуяны  мамлекеттик төңкөрүш аракети жана куралдуу кол салуу катары сыпаттаган.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

Алматыда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти. Ошондой эле аэропортту белгисиз кишилер ээлеп алышканы айтылып, бир нече сааттан кийин бийлик кайтарып алганы кабарланды. Бирок, бир нече каттамдар токтотулду.

Казакстандын Ички иштер министрлиги сегиз кызматкери каза тапканын, дагы 317си жаракат алганын тастыктады. Митингчилер арасында жоготуулар боюнча маалымат айтылган эмес.

6-январга караган түнү Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду “анык террорчулар” деп атады. Алматыда «антитеррордук операция» жүрүп жатканы кабарланууда.

5-январда Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында коменданттык саат киргизилген. Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты