Казакстанда январь окуясына байланыштуу көп балалуу энелер, өспүрүмдөр тергөө абагында отурат

  • 2 года мурун

Укук коргоочулар жана юристтер Казакстандын ар кыл шаарларында көп балалуу энелер камакта экенин, мындан тышкары Тараз шаарындагы тергөө изоляторунда өспүрүм балдар да бардыгын кабарлашты.

3-февралдагы маалымат жыйында юрист Газиза Амирбекова Кызыл-Ордодо көп балалуу сегиз эне “Жапырт башаламандык” беренеси боюнча айыпталып жатканын, айрымдары тергөө абагында экенин билдирди. Актөбөдө да көп балалуу үч аялга ушундай айып тагылган.

Амирбекованын айтуусунда, Тараз шаарындагы тергөө изоляторунда 16-17 жаштагы алты бала отурат. Аларга да “жапырт башаламандыкка катышуу” беренеси боюнча иш козголгон.

Активист Муратбек Есенгазынын адвокаты Галым Нурпеисовдун айтымында, тергөө абагындагылар кыйноого кабылууда. «Аны катуу сабышкан, жарым күн кыйнашкан. Союл менен кежигеге урушкан. Алар кийин өзү бир жерге урунуп алган болсо керек деп айтуу үчүн бир точкага гана ургулап, гематома пайда кылышууда» деди Нурпеисов.

Нурпеисов кыйноо жөнүндө арыз Алматы прокуратурасында 14-январда эле каттоодон өткөнүн, бирок судмедэкспертизаны дайындоо 24-январда – бул маселени ЖМКлар аркылуу көтөргөндөн кийин башталганын айтты.

Адвокаттар хаос жана башаламандык уюштурган кишилер качып жүргөн маалда жөнөкөй кишилер тергөө изоляторунда отурушат деп эсептешет.

Бийликтин расмий маалыматына ылайык, январдын башында Казакстандагы тополоңдо 227 киши өлүп, он миңден ашуун адам кармалган.

Укук коргоочулар бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин боолголошот. Президент Касым-Жомарт Токаев укук коргоочуларды жана көз карандысыз активисттерди «каршылык акцияларын тутандырууга» айыптаган.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда өзгөчө абал жарыяланды. 5-январда Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал киргизилген.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. ОДКБ уюмунун аскерлери Казакстанга киргизилген.

Атайын кызмат 10-январга карата Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганы аныкталганын билдирген. .

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты