Казакстанда дагы бир кыргыз жараны каза болгону белгилүү болду

  • 2 года мурун

Казакстандагы башаламандык учурунда дагы бир кыргызстандык жаран каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыргыз жаранынын туугандары менен байланышып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Буга чейин Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген кыргыз жараны Азиз Мусаев каза болгону белгилүү болгон.

Атайын кызмат 10-январга карата Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганы аныкталганын, музыкант Викрам Рузахунов бошотулганын билдирди.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере электигин маалымдаган. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын атуулдарына жардам берүү үчүн атайын ыкчам байланыш номурларын уюштурган.

Азырынча башаламандыктарда канча адам көз жумганы так белгисиз. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 өкүлү каза болгонун билдирген. 9-январда Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги жалпысынан 164 адам өлгөнүн “Телеграмга” жазган. Бирок кийинчерээк бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке какты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты