Казакстанда кармалган кыргызстандыкты Закир Юбуров дегендер жаңылышат

  • 2 года мурун

Видео тасмадагы кармалган кыргызстандыкты Закир Юбуров аттуу (Казакстандыктар анын фамилиясын Убуров деп жазышкан) Казакстандын күч органдары жаңылышып жатканын Юбуровдун бир тууганы Тахир Кактус-медиа басылмасына билдирген.

Айтымында, Закир Юбуров Кыргызстандын Токмок шаарынан, (туугандары Ивановка айылында турат) бир жарым жылдан бери үй-бүлөсү менен Алматыда жашайт, “Байсал” базарында сатуучу.  

Анын бир тууганы Тахир жана туугандары көрсөтүлгөн видеотасмада Закир Юбуров эмес экенин айтышат.

Казакстанда кармалган кыргызстандык жана жумушсуз катары саналган адам джаз музыкасынын белгилүү өнөрпозу, фортепианочу Викрам Рузахунов болуп чыккандыгы буга чейин маалым болду.

Кыргызстандын ички иштер министрлиги Казакстанда кармалды делген музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады.   

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90.000 теңге сунушташкан.
Туугандарынын маалыматы боюнча,  кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тез сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00 до учуп кеткен.

Ал эми айрым маалыматтарда, Казакстан ЖМКсы ИИМ маалыматтарына танып, кармалган кыргызстандык адамдын аты Закир Убуров экенин билдирген.

Казакстандагы баш-аламандыктан кийин кармалган кишилердин саны 5 135 кишиге жеткенин Казакстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Ерлан Тургумбаев журналисттерге брифинг учурунда 9-январда  билдирди.  

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты