ИИМ: Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышын тактоо чаралары жүргүзүлүүдө

  • 2 года мурун

Кыргызстандын ички иштер министрлиги Казакстанда кармалды делген музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады.   

Бул тууралуу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90.000 теңге сунушташкан.
Туугандарынын маалыматы боюнча,  кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тез сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00 до учуп кеткен.
Аэропортко аны энеси Кундузхан Рузахунова менен анын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген  Аскат Сериков коштоп барган.

Алардын Казактанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программа жана музыкалык фестивалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, КР ИИМи биздин өлкөгө чыгып жана кетип жаткан жарандардын баары
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлдөнүп жаткандыгын билдирди.

Казакстанда кармалган кыргызстандык жана жумушсуз катары саналган адам джаз музыкасынын белгилүү өнөрпозу, фортепианочу Викрам Рузахунов экендигин Фейсбук баракчасына Азизкин Солтобаев аттуу жаран билдирген. Джаз музыкасынын белгилүү өнөрпозун Казакстанда бандит катары көрсөтүп коюшканын ал чектен ашкандык деп атады.

Ал эми айрым маалыматтарда, Казакстан ЖМКсы кармалган адамдын аты Закир Убуров экенин жазышууда.

Казакстандагы баш-аламандыктан кийин кармалган кишилердин саны 5 135 кишиге жеткенин Казакстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Ерлан Тургумбаев журналисттерге брифинг учурунда 9-январда  билдирди.  

Сүрөттө: Викрам Рузахунов апасы менен аэропортто жөнөр алдында. ИИМ басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты