Казакстанда кармалган кыргызстандык киши белгилүү музыкант болуп чыкты

Казакстанда кармалган кыргызстандык жана жумушсуз катары саналган адам джаз музыкасынын белгилүү өнөрпозу, фортепианочу Викрам Рузахунов экендигин Фейсбук баракчасына Азизкин Солтобаев аттуу жаран билдирди. Анда джаз музыкасынын белгилүү өнөрпозун Казакстанда бандит катары көрсөтүп коюшканын чектен ашкандык деп атады.

Солтобаев көрсөтмөнү кыргызстандыкты кыйнап алышканына ишенгенин билдирди. Ал Казакстанга ресторанда өнөр көрсөткөнү барганын билдирди.

9-январда Казакстандын «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Викрам Рузахунов Алматыга билетти 2021-жылдын 16-декабрында эле сатып алганын жана 2022-жылы 2-январда саат 20: 00 дө учуп кеткенин билдирди.

Аэропортто аны апасы Кундузхан Рузахунова жана небереси Асхат Сериков коштоп барган. Небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштейт.

Алардын Казакстанда туугандары жок, ал жакка Викрам Рузахунов концерт койгону жана Казакстан жана КМШда музыкалык фестивалдарга катышуу алкагында гана баргандыгы ырасталган.  

Ал эми айрым маалыматтарда, Казакстан ЖМКсы кармалган адамдын аты Закир Убуров экенин жазышууда.

Казакстандагы баш-аламандыктан кийин кармалган кишилердин саны 5 135 кишиге жеткенин Казакстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Ерлан Тургумбаев журналисттерге брифинг учурунда 9-январда  билдирди.  

Сүрөттө: Викрам Рузахунов, экинчиси кармалды деген учуру. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты