Каттар марафону: Баткенге кат

  • 2 года мурун

«Batken Times» медиадолбоору MediaJasa жана «Сорос-Кыргызстан» фонду менен бирге Баткен облусундагы аялдарды жана кыздарды колдоо үчүн кыргызстандыктардан каттарды чогултуу боюнча социалдык демилгенин башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

Бул тууралуу “Сорос-Кыргызстан”  фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Марафондун идеясы Баткенде жашаган адамдардын же алардын туугандарынын жана жакындарынын баяндары жана эмоциялары аркылуу аймактын эң маанилүү көйгөйлөрү жөнүндө өлкөнүн жашоочуларынын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн кызмат кылууга тийиш.

Каттар марафону: Баткенге кат

16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда Кыргызстан тараптан 63 адам мерт болгону расмий кабарланды. 206 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которгон.
Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 
Fлдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.
Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.
Расмий маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркаган болсо, анын 427си жашоого жараксыз, 195и оңдоп-түзөөгө муктаж экени аныкталды. 11 административдик объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты