«Сорос-Кыргызстан» фонду фейк-реклама жүрүп жатканын билдирди  

  • 2 месяца мурун

«Сорос-Кыргызстан” фонду  социалдык тармактагы фейк-баракча менен катар эле фейк-реклама жарыя болуп жатканын кабарлады.

Болжол менен реклама “Демир-Кыргыз-Интернэшл банк” тарабынан берилип жатат.   

Аталган фонд алардын социалдык тармактардагы катталуучуларына жана мындай рекламаны окугандарга сак болууну жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун атынан кетип жаткан күмөндүү билдирүүлөргө жооп бербөөгө чакырды.  

“Бардык жарыя жана билдирүүлөр биздин расмий байланыш каналдарда, анын ичинде веб-сайт жана социалдык тармактарда жарыяланат. Биздин уюм коммерциялык ишмердик менен алектенбей турганын дагы бир жолу билдиребиз жана банк кызматын же башка коммерциялык кызмматтарды жүргүзбөй турганын, андан дагы такталбаган каналдар аркылуу конфиденциалдык маалыматтарды эч убакта сурабай турганын эсиңиздерге салабыз” деп айтылат маалыматта.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты