«Сорос-Кыргызстан» фонду: 30 жылдык жемиштүү эмгек

  • 6 месяцев мурун

“Сорос-Кыргызстан” фонду бүл жылы ишмердүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат.

“Сорос-Кыргызстан” фондунун ишмердүүлүгү кыргызстандыктарга ташка тамга баскандай белгилүү. Бул эл аралык өкмөттүк эмес жеке фонд  өлкөдөгү жарандык демилгелерге колдоо көрсөтүп, ачык коомду курууга шарт түзүү максатын көздөп келет.

Фонд маалыматында айтылгандай, ал финансист жана бүткүл дүйнөгө белгилүү филантроп Джордж Сорос жетекчилик кылган «Ачык коом» институту тарабынан түптөлгөн. Мындагы фонд эл аралык түйүндүн бир бөлүгү болуп саналат. Анын катарына дүйнөнүн 31 өлкөсүндөгү Сорос фондулары жана өзүнүн ишмердүүлүгү менен дагы 27 өлкөнү камтыган эки регионалдык фонд кирет.

Ал эми фонддун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө келсек, ал ишин 1993-жылы баштаган, ал эми 1995-жылдын аягында Юстиция министрлигинен  каттоодон өткөн.

Ошол мезгилден бери «Сорос-Кыргызстан» фонду укуктук, билим берүү жана экономикалык реформалар, массалык маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга колдоо көрсөтүү, коомдук саясат, саламаттыкты сактоо жана маданият жаатындагы демилгелерди илгерилетүү боюнча ар түрдүү тармактардагы жарандык демилгелерге туруктуу колдоо көрсөтүп келе жатат.

Бул демилгелерди каржылоо үчүн өлкөгө Фонд тарабынан 79 млн. АКШ долларынан ашык кайтарымсыз каражат  бөлүнгөн.

Азыркы күндө фонд жети тармак боюнча иш жүргүзүүдө, анын ичинде, Коомдук саламаттыкты сактоо, Билим берүү,  Укук, Жарандык катышуу, Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү программалары жана башка.   

“ПолитКлиника” медиасы “Сорос-Кыргызстан” фондун, анын жамаатын ишмердүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайт. Ар кыл тармактардагы жарандык демилгелерди илгерилетүү жана ачык коомду курууга өбөлгө болуу ишмердигинде ийгиликтерди каалайт.

Сүрөт: Соцтармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты