Манжа менен сезүү: Азиз адамдар үчүн жаңы долбоор ишке киришти

  • 4 месяца мурун

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи жана ЦАСКИ (Борбордук Азия маданият жана искусство тармагы) уюму менен бирге азиздердин искусство тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган инновациялык долбоор башталды.

“Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен ишке ашырылган долбоордун бет ачары 22-декабрда  улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү.

Долбоордун негизги максаты — азиз адамдарга искусствого мүмкүнчүлүк берүү жана гипоаллергендик пластиктен жасалган тактилдик скульптураларды колдонуу менен алардын коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүү. Эмил Турдалиев,Тамила Маматова жана Жакшылык уулу Чынтемир баш болгон таланттуу скульпторлор Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен шыктанган тактилдик скульптураларды жандырышты.

Алардын эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрү: Ласло Мессароштун, Тургунбай Садыковдун, Виктор Шестопалдын, Заур Хабибулиндин, Муратбек Жумалиевдин жана Аскар Турумбековдун чыгармаларынын негизинде тактилдик скульптуралар жаралган.

«Долбоор көзү азиз адамдарга эстетикалык тарбия берүү жана көркөм окуу процессине салым кошот деп ишенебиз. Музейдеги тактилдик скульптура искусствосу менен таанышуу азиз адамдардын маданият жана искусство аркылуу коомго социалдык-психологиялык адаптацияланышына жана кошулуу процессине салым кошот”дейт долбоордун жетекчиси Алмакан Найзабекова.

Долбоордун маанилүү бөлүгү болуп белгилүү режиссер Талант Акынбеков тарабынан тартылган “Манжа менен сезүү” аттуу тасма болду. Кабыл алууну жакшыртуу үчүн аудио гиддерге аудио сүрөттөмөлөр (тифлокомментарийлер) киргизилди, ал азиз адамдарга тактилдик скульптуралар менен таанышууда толук таасир жана жакындан кабыл алууну камсыз кылууга арналган.

Республикалык көрүүсү начар жана азиздер мектебинин тифлопедагогу Николай Мешечко Брайль шрифтин колдонуу менен буклет, брошюра жана этикеткаларды түзүүгө көмөктөштү. Долбоордун авторлорунун айтымында, жумушчу топ республикалык көрүүсү начар жана азиздер мектебинде долбоорду кеңейтип, мастер-класстарды сунуштап, даректүү тасма тартууга даяр.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты