Аялдардын үй жумушунун маанилүүлүгүн жогорулатууга арналган долбоор ишке кирди

  • 6 месяцев мурун

“Бааланбаган эмгек” аттуу долбоордун демилгечилери – Казакова Мария жана Ступкина Екатерина – аялдардын үйдө кылган эмгеги бааланбай жатканына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында социалдык тармактарда маалымат кампаниясын башташты.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор коомду үй-тиричилик милдеттерин аткаруу татаал жана маанилүү иштин түрү экенине үйрөтүүгө багытталган, ал көп учурда тийиштүү компенсациясыз, атүгүл ыраазычылыксыз калат. Бул долбоор “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Уюштуруучулар үйдөгү эмгеги бааланбаган аялдардын абалына көңүл буруу үчүн азыркы кыргыз аялдарынын жашоодо болгон чыныгы окуяларын чогулткан. Бул аңгемелерде аялдар өздөрүнүн жашоосундагы аларды толкунданткан же бактылуу кылган жагдайлар менен бөлүшүшөт. Бул аңгемелердин ичинен 10 аңгеме тандалып алынып, иллюстрациялуу чакан көргөзмөгө негиз түзүлөт.

Көргөзмөнүн негизги экспонаты катары аялдардын үй эмгегинин бааланбай жаткандыгынын символу – “0 сом” номиналындагы банкноту даярдалат.

Долбоордун авторлорунун бири Екатерина Ступкина белгилегендей: «Постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы эле эски стереотиптер бар. Ага ылайык аялдар үй-тиричилик жумуштарын гендердик ролдор менен таңуулагандай өз мойнуна алууга милдеттүү. Көптөгөн аялдар эркектер менен бирдей иштешкенине карабастан, алар дагы эле жумуштан кийин «экинчи сменаны» аткаруу зарылдыгына туш болушат. Декреттик өргүүдө да аялдар үй жумуштарын толук аткарышат. Өзүн үй-бүлөсүнө арнаган аялдар үйүндө кошкон салымы үчүн жакындарынан татыктуу ыраазычылыкты чанда гана алышат».

Долбоордун демилгечилери бул “көзгө көрүнбөгөн” көйгөйдү тынымсыз талкуулоо жана аңдап билүү аркылуу коом өз мамилесин өзгөртө баштайт деп ишенишет, ал эми кыргызстандыктар жасалган жумуштун ар бир формасынын маанилүүлүгүн туура баалап, аны тааный баштайт деп эсептешет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты