Кыргызстанда дүйнөгө белгилүү кинорежиссерлордун катышуусунда кинолагерь өтөт   

  • 9 месяцев мурун

Кыргызстанда биринчи жолу дүйнөдөгү эң ири кинофестивалдардын өкүлдөрү жана Европа менен Азиянын белгилүү кинорежиссерлорунун катышуусунда кинолагерь өтөт.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Бул уникалдуу иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн «Сорос-Кыргызстан» фонду 20 кыргызстандыктын катышуусун каржылайт.

“Post Space” аттуу интеллектуалдык кинолагерь Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлөт. Анда Борбор Азиядагы таланттуу чыгармачыл адамдар менен дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү кинорежиссерлор чогулат.

2023-жылдын 26-сентябрынан 1-октябрына чейин өтө турган иш-чара шыктануунун булагы, ошондой эле Европа менен Азиянын кино жана искусство өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуу аянтчасына айланат.

Кыргыз элинин арасынан жаңы таланттарды жана чыгармачыл инсандарды тартуу жана аныктоо максатында 20 кыргызстандыктын катышуусундагы чыгымдарды “Сорос-Кыргызстан” фонду каржылайт. Катышуучуларды тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Сынакка маданият жана искусство тармагынын кызматкерлер и,кинорежиссерлор, музыканттар жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүнү каалаган бардык адамдар (18 жаштан баштап) катыша алышат.

Post Space Film Camp кандайдыр бир деңгээлде мурда Кыргызстанда өткөн Автордук кинофестивалдан келип чыккан десе болот. Бул иш-чара Борбор Азиянын жана дүйнөнүн бардык кинематографисттерин бириктирүүчү аянтчасы болуп калган.  

Бул жолу кино лагердин авторолру бай тажрыйба жана жаңы көз караштарды алып келүү үчүн белгилүү эл аралык эксперттерди чакырат. Алардын арасында Канн, Венеция, Берлин, Локарно, Гонконг жана башкалар сыяктуу эң маанилүү дүйнөлүк кинофестивалдардын өкүлдөрү болот.

Чакырылган коноктордун арасында кинематография дүйнөсүндө атагы чыккан төмөнкүдөй инсандар болот:

Айсултан Сейит — жаш казак режиссёру жана  кинопродюсери, анын чыгармачылыгында белгилүү аткаруучулардын клиптери жана казак элинин геноциди тууралуу дебюттук КАШ көркөм тасмасы бар.

Антон Долин — белгилүү журналист жана киносынчы, теле жана радио алып баруучу.

Актан Арым Кубат — тасмалары дүйнөлүк кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга татыган кыргыздын таанымал режиссеру, сценарист жана актёру.

Саодат Исмаилова — сүрөтчү жана режиссер. Венециядагы 59-жылдык биенналеде Кыялдын сүтү көргөзмөсүнүн, ошондой эле Касселдеги Documenta Fifteen көргөзмөсүнүн катышуучусу. Анын эмгектери Помпиду борборунун (Париж) туруктуу коллекциясында, Амстердам жана Алматы музейлеринде коюлган.

Post Space Film Camp – бул Борбордук Азиянын кинематографиясынын өкүлдөрү үчүн жаңы идеяларданшыктануу жана келечектеги долбоорлор үчүн пикирлеш адамдарды табуу мүмкүнчүлүгү.

Программанын башталышы катары азыркы жана заманбап искусство музейинде посттоталитардык искусствонун TOLON MUSEUM OF CONTEMPORARY AND MODERN ART көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул иш-чара 2023-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарынан беш чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Күнтуу айылында орун алат.

Мындан тышкары, Post Space Film Camp кызыктуу иш-чараларды камтыйт, анын ичинде панелдик талкуулар, кино көрсөтүүлөр, семинарлар, концерттер жана катышуучулар тажрыйба жана идеялар менен алмаша алышат.

Бул уникалдуу долбоорго катышуу үчүн каалоочулар 2023-жылдын 20-августуна чейин арыз толтурушу керек. Утуп алган 20 жеңүүчүнүн ысымдары 2023-жылдын 30-августунда жарыяланат.

Катышуу шарттары боюнча толук маалыматты «Сорос-Кыргызстан» Фондунун расмий сайтынан тапса болот:

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты