Бишкекте улуттук музыка жана бий тууралуу долбоордун бет ачары болду

Борбордук Азиядагы Америка университетинде (БААУ) «Кыргыздардын фольклордук музыкасы жана бийи» аттуу долбоорунун бет ачарына арналган иш-чара өттү. Долбоордун автору жана режиссёру Мария Наумова –Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар кеңешинин маданият маселелери боюнча эксперти, жана ошондой эле «оркестр кыз» сахналык аты менен да белгилүү.

Долбоордун негизги максаты – биринчи кезекте кыргыз элинин элдик музыка жана хореографияжаатындагы материалдык эмес мурастарын заманбап дүйнөдө сактап калуу, аны эл аралык аренада көрсөтүү. Анда архивдик аудио жана видеоматериалдардын, ошондой эле 18-20-кылымдагы саякатчылардын мемуарларынын изилдөөлөрүнүн негизинде 1,5 саатка созулган 8 бөлүктөн турган тасма камтылган.

Материалдын кыргыз тилинде орус жана англис тилдеринде субтитрлери менен берилиши аны ар кандай курактагы көрүүчүлөрдүн чоң аудиториясына жеткиликтүү кылат. Бул изилдөө тасмасынын жаралышы «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.

Мария Наумова иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи:

«Долбоордун негизинде Кыргызстандын бай маданий мурасын сактап калуусу менен, аны дүйнө жүзүнө алып чыгып, эл аралык платформада көрсөтүү абдан маанилүү. Долбоор кыргыз музыкасынын жана хореографиясынын тарыхына сүңгүүгө мүмкүнчүлүк берип, аны ар кандай курактагы жана улуттагы адамдар үчүн жеткиликтүү кылат. Бүгүн биз артисттердин эң сонун спектаклдерин көрүп гана тим болбостон, күүлөрдүн, бийлердин тереңдигин түшүнө алдык. Анткени, ар бир чыгарманын артында өзүнүн тарыхы, бүтүндөй кыргыз элинин жашоосу турат» деди Мария Наумова.

Иш-чарага көптөгөн ардактуу коноктор чакырылган, анын ичинде Маданият министрлигинин, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын, Венгриянын элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле «Салбуурун» уюмунун өкүлдөрү катышты. Алардын арасында атайын хореографиялык жана музыкалык окуу жайлардын жетекчилери, музыка жана хореография тармагынын белгилүү ишмерлери, ошондой эле жергиликтүү жана чет өлкөлүк окуу жайлардын мугалимдери жана окуучулары да бар.

Долбоордун автору кызыктуу презентациясын тартуулап, анда архивдик изилдөөлөрдүн негизиндеги уникалдуу «бүгүнкү күн» аттуу серияларды жандуу аткаруулар менен айкалыштырып, ошону менен чыгармалардын кылымдар бою өнүгүп келе жатканын баса белгиледи. Айын Акыбаеванын жетекчилиги алдында «Ак-Ниет» элдик хореографиялык ансамбли, «Жаз» бий тобу, ошондой эле музыканттар Азат Базарбеков, Асыкбеков Кылымдар сыяктуу заманбап аткаруучулар кыргыз маданиятынын музыка жана хореография жаатындагы кооздугун көрсөтүштү.

Коноктордун пикири боюнча, презентация ийгиликтүү өттү.

Бишкекте улуттук музыка жана бий тууралуу долбоордун бет ачары болду
Бишкекте улуттук музыка жана бий тууралуу долбоордун бет ачары болду
Бишкекте улуттук музыка жана бий тууралуу долбоордун бет ачары болду
Бишкекте улуттук музыка жана бий тууралуу долбоордун бет ачары болду
Бишкекте улуттук музыка жана бий тууралуу долбоордун бет ачары болду

Сүрөттөр: Уюштуруучулар тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты