Кардиохирургия институтуна буга чейин өрт коопсуздугу боюнча эскертүү берилген жана айып салынган
- 1 месяц мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтуна буга чейин өрт коопсуздук эрежелерин бузууларды четтетүү тууралуу эскертүү берилип, айып пул да салынгандыгын билдирди.
“Өрт коопсуздугунун алдын алуу, материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында 2024-жылдын 26-мартында текшерүү жүргүзүлүп, 18 пункттан турган кемчиликтерди четтетүү тууралуу эскертүү берилген. Анын жыйынтыгында эскертүү толук аткарылбагандыктан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 143-беренесине таянып, 23 миң сом административдик айып салынган” деп айтылат ӨКМ билдирүүсүндө.
Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилген.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтунда каза тапкан экөө балдар болгон. Каза тапкандар 1 жаш 7 ай болгон наристе жана 16 жаштагы өспүрүм, алар операциядан кийин реанимацияда жаткан.
Өрт болгон учурда жүрөк хирургиясы илимий изилдөө институтунда 104 адам болгон, алардын ичинен 50 бейтап, булардын 19у балдар, ошондой эле бейтаптарды карап жаткан 32 киши жана 22 кызматкер.
31 бейтап башка ооруканага жаткырылган, 12 бала Эне жана баланы колдоо улуттук борборуна жаткырылган, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө 15 бейтап жаткырылган. 19 бейтап үйүнө бошотулган.
Өрттөн 9 адам жабыркаган, алардын жетөө-медицина кызматкерлери.
Кардиохирургия илимий-изилдөө борборундагы 11-февралда болгон өрт кырсыгынан эки киши каза тапты.
Кечээ, 11-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында аталган өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.
Сүрөт: ӨКМ