Чаткалда ур-токмоктон өспүрүм окуучу көз жумду
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
18-сентябрда Чаткал районунун Жаны-Базар аймактык ооруканасына жетпей, 2011-жылы туулган Д.Р. аттуу өспүрүм каза болгондугу тууралуу маалымат Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнө катталган.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) кызматкерлери тарабынан 2011-жылы туулган И.М., Н.С., Н.К., Т.А. аттуу окуучулар шектүү катары кармалган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматтарга караганда, каза тапкан 9-класстын окуучусу, ал эми кармалган төртөө — 11-класстын окуучулары.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




