Жүрөк хирургиясы институтундагы өрттүн кесепетинен эки бала көз жумган
- 1 месяц мурун
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтунда каза болгон экөө балдар болгон. Алар операциядан кийин аппаратта жаткан. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Каза тапкандар – 1 жаш 7 ай болгон наристе жана 16 жаштагы өспүрүм, алар операциядан кийин реанимацияда жаткан.
Өрт болгон учурда жүрөк хирургиясы илимий изилдөө институтунда 104 адам болгон, алардын ичинен 50 бейтап, булардын 19у балдар, ошондой эле бейтаптарды карап жаткан 32 киши жана 22 кызматкер.
31 бейтап башка ооруканага жаткырылган, 12 бала Эне жана баланы колдоо улуттук борборуна жаткырылган, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө 15 бейтап жаткырылган. 19 бейтап үйүнө бошотулган.
Өрттөн 9 адам жабыркаган, алардын жетөө — медицина кызматкерлери.
Кардиохирургия илимий-изилдөө борборундагы 11-февралда болгон өрт кырсыгынан эки киши каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Фейсбук баракчасында билдирди.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтунда чыккан өрттүн кесепетинен бардык бейтаптар шашылыш эвакуацияланып, жакынкы медициналык мекемелерге, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна жайгаштырылды.
Кечээ, 11-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында аталган өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.