8-мартка арналган жүрүш өткөрүү боюнча уюштуруу комитети президентке кайрылуу жасады  

  • 2 месяца мурун

8-мартка арналган демилгенин уюштуруу комитети президентке кайрылып, Бишкек шаарындагы Горький атындагы паркта тынч коомдук акция өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүндү.

Маалыматта акциянын максаты – коомчулуктун көңүлүн аялдарга карата зомбулуктун, фемициддин алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине жана аялдардын коопсуздугу менен укуктарын коргоого буруу экени айтылды.

“Биз бул иш-чараны тынч, мыйзамдуу жана коомчулуктун аң-сезимин жогорулатууга багытталган форматта өткөрүүнү көздөйбүз. Сизден 8-март күнү Горький атындагы паркта бул коомдук акцияны өткөрүүгө колдоо көрсөтүп, уруксат беришиңизди суранабыз” деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы 8-мартта Бишкекте аялдардын эл аралык тилектештигинин күнүнө карата “Аялдардын укуктарына арналган тилектештик жүрүш” жөө жүрүшү уюштурулган. Жөө жүрүштө «Кыргызстан эгемендүү!», «Зомбулукка жол бербейбиз!», «Аялзатка эркиндик», «Өкүнүчкө жол бербейбиз!», «Келечек колубузда» ж.б. ураандарды барабандын коштоосунда чогуу айтып, жүрүштөн өтүштү.

Өткөн жылы жөө жүрүшкө 150дөй киши катышты. Милиция кызматкерлери жөө жүрүшкө чыккандарды коштоду.

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогоку Кеңештин 4-марттагы жыйынында аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоого багытталган аялдар жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүндү.

Иллюстрациялык сүрөт: kaktus.media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты