Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 20-февралга чейин үй камагына чыгарылды. Чечимди бүгүн, 11-январда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Бул тууралуу адвокат Бексултан Осмонов ЖМКга билдирди.

“Канат Исаевдин иши сотко өткөрүлдү. Иш сотто  жашыруун каралат. Ал эми бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн жактоочулар киргизди” деди адвокат.    

Саясатчы, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Биринчи май райондук соту Канатбек Исаев 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анын тергөө абагындагы мөөнөтү андан кийин эки жолу эки айга узартылган.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Кийин алардын бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү узартылган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатканын маалымдалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты