Шаардык сот Канатбек Исаевдин бөгөт чарасы боюнча райсот чечимин өзгөртүүсүз калтырды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арызды карап, Биринчи май райондк сотунун аны 23-декабрга чейин тергөө абагында камоо чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу Канатбек Исаевдин жакындары билдирди.   

Саясатчы, Кемпир-Абаддды коргоо комитетинин мүчөсү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жаканын маалымдалган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты