Алагөзов соцтармакта айтылгандарды төгүндөп, чет өлкөлүк жаран курал алып, бир да объектти кайтарбай турганын айтты

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов бир дагы чет өлкөлүк жаран курал алып, кандайдыр бир объектти кайтарбай турганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.   

“Бир дагы чет өлкөлүк жаран курал алып биздин аймакта кандайдыр бир обьект кайтарбайт. Ага мыйзамдар да жол бербейт” деди Алагөзов.   

“Мен толук жоопкерчилик менен айтып коеюн, Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок. Болушу да мүмкүн эмес. Өлкө аймагындагы кен казуубу же башка биргелешкен чоң-чоң долбоорлор болобу, аларды иштетүүдөгү коопсуздукту өзүбүздүн милиция кызматкерлери же жеке күзөт кызматтары камсыз кылат” деп билдирди Аскат Алагөзов.

-Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишими Уюмунун мүчөсү катары кабыл алган эл аралык милдеттенмелердин алкагында гана Кант шаарындагы Россиялык бирдиктүү аскердик объект иш алып барууда.

Ал эми видеодо сүйлөп жаткан Айдарбек Раев 2024-жылы Американын жарандыгын алыптыр. Ал жакта жатып алып жомок токубай, бул жактагы туугандарынан деле сурап койсо болмок экен. Көрүнүп тургандай, Кыргызстандын өнүгүүсүн каалабаган сырткы күчтөр бар. Айдарбектей балдар өздөрү билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй мына ошондой күчтөрдүн куралына айланууда. Бийлик мыйзамдуу жоопко тарта баштаса “мени жөн эле жоопко тартып атат” деген сөздөрдү айта башташат. Ошондуктан ушундай жалган маалыматтарды таратып провокация кылуудан алыс болуңуздар. Репост да кылбаңыздар,-деди президенттин басма сөз катчысы.

Социалдык тармакта Айдарбек Раев аттуу жаран Кытайдын мурдагы полковниги Кыргызстанда куралдуу жеке аскердик компаниянын ишин жүргүзөрүн айткан.

«Zhongjun Junhong компаниясы (жетекчиси Wu Guohua) 2016-жылы болжол менен 228 кызматкери менен келген. Алар Кыргызстанда курал алып жүрүү лицензиясын алып, кытай долбоорлорун (Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан темир жолу, кен орундары) кайтарат. Кыргызстан региондо чет элдик жеке аскердик компанияларга уруксат берген жалгыз өлкө. Ошол эле мезгилде Кытайдын катышуусу өстү: суверендик карыз, ачык кредиттер жана мамлекеттик долбоорлор, жалпысынан болжол менен 13,5 миллиард доллар. Суроо жөнөкөй: чет элдик куралдуу түзүм эмне үчүн биздин жерде иштейт, кайсы шарттарда, кимдин уруксаты менен? Ушул келишимдердин толук шарттарын элге көрсөткүлө. Биз дефолтко да, көчөгө да чакырбайбыз. Биз бир гана нерсени талап кылабыз: ачыктык» деп билдирген Айдарбек Раев аттуу Фейсбук колдонуучу.

Сүрөттө: Аскат Алагөзов

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты