Камчыбек Ташиев: Темиров Live иликтөөчүлөрүнүн мен жөнүндө айтып жаткандары карандай калп

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев  Temirov Live командасынын иликтөөсү боюнча жооп кайтарды.    

-Темиров Live мен жөнүндө айтып жатканы карандай калп. Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да ушундай болот, бул менин турмуштук терең позициям. Каалагандай комиссия түзүп барып текшерсеңер өзүңүздөр ынанасыздар! Ошондуктан мени каралап, жалаа жабууга аракет кылганынар жөн эле убарагерчилик. Мен өзүмө ишенемин жана эли — журтум, мамлекетим үчүн аягына чейин таза, пайдалуу гана иш жасаймын, -деди.

Ташиев ошондой эле журналисттик иликтөөдө айтылган компаниялар тууралуу да маалымат берди:

 — Ал эми КНГ жана КПК ишканалары боюнча маалымат билдирип коеюн:

  1. КНГ ишканасы 2020-жылы—-564 млн сом, ал эми 2021-жылы —2,0 млрд сом киреше тапкан.

 2. КПК (нпз) 2020-жылы 40 млн сом чыгым болгон, ал эми 2021-жылы—-200 млн сом киреше тапкан.

  Мындай экономикалык көрсөткүч 30 жылдык тарыхыбызда биринчи ирет болуп жатат, себеби коррупциялык элементтердин баары жоюлган.

Ал эми КПКнын 2021-жылдын башынан бери жетекчи болуп иштеп жаткан Байгазы Матисаков менин жээним болот, атасы жаш кезинен көз жумган, өзүнүн жеке кучу менен Россиядан окуп келди жана бул жигиттин кандай адам экендигин элдин баары жакшы билет (ичпейт, чекпейт, беш маал намаз окуган, бирөөнүн акысын жебеген, өтө кайрымдуу),-деди Камчыбек Ташиев.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишти. Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү Ошондой эле компьютерлерин алып кетишти.

Болот Темиров бул боюнча мындай деди:

-Эң негизгиси биз Камчыбек Ташиев тууралуу иликтөөнү чыгарууга жетишип калдык. Алар иликтөөнүн качан чыгарына кызыгып келишкен. Буга чейин материалдын чыгышына ар тараптан тоскоолдук жасашты коркутушту, паролдорду бузууга, маалыматтарды алууга аракеттеништи. Кантсе да биз иликтөөнү чыгарууга жетишип калдык.  

Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты