Камчыбек Ташиев кыргызстандыктардан кечирим сурады
- 4 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик коитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-мартта, Бишкекте Жалдагы Махмуд Кашгари атындагы мечитте айт намазынан кийин кыргызстандыктардан кечирим сурады.
-Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү айт намазынын урматына, кимдир бирөөнү ушул убактарда капа кылып койсом же бирөөгө туура эмес мамиле кылып койсом, мен ар бир мусулман калкынан кечирим сурайм,-деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле Камчыбек Ташиев өзү тууралуу жалган маалымат тараткандарды да кечиргенин кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин, УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.
Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин чет өлкөгө убактылуу чыгып кеткени маалымдалган.
Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча талкалашкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.
«Кыргызнефтегаздагы» коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.
Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин бир катар депутаттар мандатын тапшырды, бир катар аткаминерлер да кызматтан кетти.
Сүрөт: Социтармактагы видеодон




