Камчыбек Ташиев ИИМге сурак берип чыкты

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгында беш саатка жакын сурак берип чыкты.

Камчыбек Ташиевди күтүп тургандардын арасында уулу Таймурас Ташиев жана иниси Шаирбек Ташиев болду. Маалыматтарга караганда, Камчыбек Ташиевге тергөө сурагын купуя кармоо боюнча тил кат жазган.  

Бүгүн, 19-мартта, чет өлкөдө жүрүп келген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев суракка чакырылды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин, УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин чет өлкөгө убактылуу чыгып кеткени маалымдалган.

Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча талкалашкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.

«Кыргызнефтегаздагы»  коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.

Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин бир катар депутаттар мандатын тапшырды, бир катар аткаминерлер да кызматтан кетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты