“Калыс өздү айтам деп, капаска түшкөн куш сымал”. Аскат Жетиген абактан кат жазды
- 2 месяца мурун
Акын, ырчы Аскат Жетиген абактан кат жазды. Анын катыш укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына жарыялады.
Аскат Жетигендин каты:
«Арыбаңыздар, агайын тууган, Ата-Журт! Бабадан калган сөз экен, «Эр жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн» деген…«Калыс сөздү айтам деп, капаска түшкөн куш сымал» камакта отурганда, калайын кайрылып, калыстык деген мүдөөмдөн айрылганым жок.
«Эр жигиттин ичине ээр токулган ат батат» дегендей, башка түшкөн күндөрдү татыктуу кечирүудөмүн. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, өзүм эркимден ажырап отурсам дагы, эл ичинде ырларым ырдалып, күүм чертилип жатат. Демек, менин эмгегим элге жетип жатканы, жаштарды бийик-бийик максаттарга шыктандырып жатканы эмей эмне?!Ата-бабадан калган эрдиктердин, акындардан калган улуу насыяттардын бизге калтырган сабагы ушул эмеспи.Кандай болгон күндө да, менин эл үчүн кылаар кызматым али алдыда! Жаркын маанайда жолуга турган күн да аз калды!Амандыкта көрүшкөнчө!
Сагынычтуу саламым жана бийик урматым менен Аскат Жетиген. 26.03.2026″.
Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Аскат Жетиген абакта жаткандарга комуз үйрөтүп жатканын, эл арасында ырлары ырдалып жатканын айтып, жакында анын бошотулушун күтүп жатышканын да кошумчалады. Абдирасулованын айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаардын бөлүмүндө Аскат Жетигенди уруп-сабап, электрошокер колдонуп кыйнашканын билдирди. Бирок 2,5 жылдан бери Аскат Жетигенди кыйнагандарга чара көрүлбөй жатканын айтты. Аскат Жетиген, Каныкей Аранова, Адилет Балтабай сыяктуу бейкүнөө жаткан активисттерди бошотулушу керектигин жазды.
Президент Садыр Жапаров 6-мартта “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде “эмнеге абактагы акын, ырчы Аскат Жетигенди чыгарбай, ыплас иштерден акча жасаган адамга ырайым берет” дегендер да болгону тууралуу суроого жооп берип, эгер арыз менен кайрылса аны да караганга даярбыз” деп билдирди.
Акын, ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди. Даттануулардан кийин ырчы, акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыгарылды.
2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.
Сүрөт: Аскат Жетиген. 25-июнь 2024-жыл. «ПолитКлиника»




