Ырчы, акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыгарылды
- 6 дней мурун
Даттануулардан кийин ырчы, акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.
«Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошев №27 абак жайынын айып изоляторуна барып, Аскат Жетигенди айып изоляторунан чыгаруу тапшырмасын берди. ЖАМК башчысы ошондой эле жазасын өтөп жаткандардын укугун бузбоого, аларды талаптагыдай шартта кармоого чакырды. Бул тууралуу Аскат Жетиген мага билдирди. Аскат Жетиген №27 абак жайда анын кыйноого алынганы тууралуу билдирүүгө кайдыгер карабаган жарандардын ыраазылык билдирди» деди адвокат.
Акын, ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди. Бул тууралуу Аскат Жетиген адвокаты Нурбек Токтакуновго жазып, коомчулукту кабардар кылууну суранган.
Аскат Жетиген №27 абак жайынын жетекчилиги аны 2-мартта айып изоляторуна жаткырып койгонун жазган.
Ага чейин абакка Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жазасын өтөп жаткандардын абалы, шарттары менен таанышканы барганда, Аскат Жетиген абактагылардын укуктары бузулуп жатканын айткан.
Ошондой эле абак жайдын кызматкерлери жылытууга бөлүнгөн көмүрдү ысырап кылганын, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук болуп жатканын, 2000 сом төлөбөгөндөр залга киргизилбей турганын жазган.
Аскат Жетигенди №27 абак жайынын Улан аттуу кызматкери кыйноого алганын айткан. Ал «өтө оройлугу жана зөөкүрлүгү менен белгилүү» экенин жазып, ачык айткандарды айып изоляторуна камап, ар кандай ишке мажбурлап тартып келерин билдирген.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы (ЖАМК) №27 абак жайындагы акын, ырчы Аскат Жетигендин (Аскат Жетиген уулу) кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты четке каккан.
ЖАМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Аскат Жетиген мекеменин кызматкерлери менен чатакташып, абактагыларды мындагы эреже-талаптарга баш ийбөөгө чакырганы жана ички тартипти бузганы үчүн 15 суткага айып изоляторуна которулганы маалымдалды.
Жаза аткаруу кызматы Аскат Жетигендин мекемеге бөлүнгөн көмүрдү ысырап пайдаланып жатканы тууралуу маалыматты да четке какты. Мекемеге 557 тоннага жакын көмүр бөлүнүп, ал жылытууга кетип жатканын билдирди. Ошондой эле спорт залында машыгууга болорун айткан.
Сүрөт: Аскат Жетиген. 25-июнь 2024-жыл. «ПолитКлиника»




