Жогорку сот Аскат Жетиген боюнча райондук, шаардык соттордун өкүмүн күчүндө калтырды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 18-мартта, Жогорку Кеңеште ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралды. Жогорку сот Аскат Жетиген боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

2024-жылы 1-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ырчы, активист Аскат Жетигендин массалык башаламандыктар беренеси боюнча актап, бийликти күч менен басып алуу беренеси менен 3 жылга кескен эле. 2024-жылы 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгоп, ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.

Сүрөт: Аскат Жетиген. 25-июнь 2024-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты