Зарыкканда. Аскат Жетигендин концерти аншлаг менен өттү. Дагы эки күн болот
- 19 часов мурун
- Жаңылыктар
Кечээ, 14-октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда ырчы Аскат Жетигендин концерти аншлаг менен өттү.
“Чындыгында толкундандым. Башталганга чейин толкунданууну сезген эмесмин, сахнага чыкканда толкундандым” деди Аскат Жетиген.
Концертте көрүүчүлөр “Зарыкканда” аттуу ырын эки жолу ырдатып, ырчы менен кошулуп да ырдашты.
Концерт филармонияда 15-16-октябрда дагы болот. Башталышы сат 18:30.
19-августта ырчы Аскат Жетиген үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты.
Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




