19-августта ырчы Аскат Жетигендин абактагы жаза өтөө мөөнөтү соңуна чыгат

  • 2 месяца мурун

Эртең, 19-августта ырчы Аскат Жетигендин абактагы жаза өтөө мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыгат.  Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

Аскат Жетиген Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөөдө.

2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.

Сүрөттө: Аскат Жетиген. Сотто. 25-июнь 2024-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты