Ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди

  • 4 дня мурун

Ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди. Бул тууралуу Аскат Жетиген адвокаты Нурбек Токтакуновго жазып, коомчулукту кабардар кылууну суранган.      

Аскат Жетиген №27 абак жайынын жетекчилиги аны 2-мартта айып изоляторуна жаткырып койгонун жазган.

Ага чейин абакка Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жазасын өтөп жаткандардын абалы, шарттары менен таанышканы барганда, Аскат Жетиген абактагылардын укуктары бузулуп жатканын айткан.

Ошондой эле абак жайдын кызматкерлери жылытууга бөлүнгөн көмүрдү ысырап кылганын, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук болуп жатканын, 2000 сом төлөбөгөндөр залга киргизилбей турганын жазган.

Аскат Жетигенди №27 абак жайынын Улан аттуу кызматкери кыйноого алган. Ал «өтө оройлугу жана зөөкүрлүгү менен белгилүү» экенин жазып, ачык айткандарды айып изоляторуна камап, ар кандай ишке мажбурлап тартып келерин билдирген.

2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

2024-жылы 1-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ырчы, активист Аскат Жетигендин массалык башаламандыктар беренеси боюнча актап, бийликти күч менен басып алуу беренеси менен 3 жылга кескен эле. 2024-жылы 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгоп, ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.

Ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди
Ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди
Ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди
Ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди

Сүрөт: Аскат Жетиген. 25-июнь 2024-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты