Кадырбек Атамбаев кайрадан суракка чакырылганын билдирди
- 2 года мурун
Бүгүн, 24-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу жана «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.
«Мени Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына (ИИББ) саат 11:00гө суракка чакырышты»,- деп билдирди Атамбаев. Ошондой эле, ал анын апасы Раиса Атамбаева да аталган башкармалыкта сурак берерин жазды.
Кадырбек Атамбаев мындан эки күн мурун, 22-январда да милицияга сурак берген эле. Анда ал күбө катары чакырылганын билдирген. Бул жолу ал эмненин негизинде суракка чакырылганын ачыктаган эмес. Бишкек шаардык ИИББи бул тууралуу маалымат бере элек.
Буга чейин “Социал-демократтар” саясий партиясынын мүчөлөрү Анарбек Катаганов, Жанна Самышева Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында (ШИИБ) добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары сурак берген.
Учурда «Социал-демократтар» партиясынын лидери, мүчөсү жана тарапташы убактылуу камак жайында отурат. 2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
21-январда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган.
Сүрөт: интернет булактары




